Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:40

Баткенде участкалык шайлоо комиссиялары түзүлдү


Мындай маалыматты облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Акжол Мадалиев бүгүн «Азаттыка» билдирди. Анын айтымында, Баткен облусу боюнча 191 шайлоо участкалары түзүлүп, төрагалары жана мүчөлөрү такталды. Ал эми аймакта жалпысынан 227 миң 140 шайлоочунун тизмеси аныкталып, жер-жерлерге кайрадан тактоо үчүн жөнөтүлдү. Ушу тапта Баш мыйзамдын долбоору боюнча түшүнүк берүү үчүн облус аймагында Конуституциялык кеңешменин 3 ыкчам тобу иш чараларды өткөрүүдө.

Расмий бийлик аймактагы жалпы шайлоочулардын 13 пайызы чет жерлерде жүрөт деп маалымат берген болсо, кээ бир серепчилер бул сан бир кыйла жогору болушу мүмкүндүгүн айтууда. (JsA)

XS
SM
MD
LG