Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:15

Иранга жаңы санкциялар жарыяланды


Резолюцияны Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин он эки мүчөсү колдоду, алардын ичинде кеңештин туруктуу беш мүчөсү – АКШ, Россия ,Кытай, Франция жана Британия бар. Бразилия менен Түркия каршы добуш берди, Ливан калыс калды. Коопсуздук Кеңеши ушуну менен Иранга төртүнчү ирет санкцияларды киргизди. Бул жолку жазаналар Ирандын кырк чакты ишканасына жана Тегерандын атом программасына байланышы бар адамдарга арналды. Алар менен финансы чөйрөсүндө карым-катнаш жасаганга бир катар чектөөлөрдү киргизет, курал-жарак соодасына салынган тыйылгынын мөөнөтүн узартат.

XS
SM
MD
LG