Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:34

Коорупцияга каршы күрөшүү агенттиги коомдук негизде түзүлүшү мүмкүн


Мындай демилгени Арсен Сарбагышев, Эсенгул Исаков, Алтымыш Танаев жана Мавлян Аскарбеков өңдүү бир катар коомдук ишмер, укук коргоочулар көтөрүп чыгышты. Алар коррупция менен күрөшүүдө мамлекетке көз каранды болгон орган эч кандай натыйжа бербей тургандыгын айтып жатышат. Маалымат жыйынында айтылгандай, учурда Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кеңештин так курамы бекитиле элек жана бул органды мыйзамдаштыруу иштери жүрүп жатат. Мындан сырткары кеңеш мамлекет тарабынан эмес, жеке ишкерлер, же кайсы бир долбоор аркылуу каржыланышы керектиги айтылды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG