Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:51

Конституциянын долбоору 2 тилде басылып чыкты


Конституциянын жаңы долбоору кыргыз тилинде 900 миң, орус тилинде 600 миң нуска менен басылып чыкты. Бул маалыматты “Азаттыкка” Конституциялык кеңешменин катчылыгынын жетекчиси Данияр Нарынбаев тастыктады. Ал айрым бир маалымат каражаттарында Убактылуу өкмөт долбоорду өзбек тилинде да чыгарат экен деген маалыматтарды жокко чыгарды. Анын айтымында, Баш мыйзамды өзбек тилине которуу демилгесин Конституциялык кеңешменин айрым мүчөлөрү көтөрүп чыгып, аны өздөрү которгон. Буга чейин Конституциянын долбоорунун үч тилде чыгышына коомчулукта нааразылыктар айтылып келген.

“Конституциялык реформа – 2010” деген аталыштагы тегерек үстөлдө Д.Нарынбаев көпчүлүк суроо “светтик” деген сөздү алып салуу жана орус тилинин макамы боюнча болгонун белгиледи. (КЕ)

XS
SM
MD
LG