Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:57

“Жаңы Кыргызстан” Ү.Сыдыковду абактан бошотууну талап кылууда


«Жаңы Кыргызстан» партиясынын Ош облусундагы миңдеген мүчөлөрү өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаевага кайрылуу жолдоду. Анда 2010-жылдын 13-майында Ош облустук акимчилигин басып алууга партиянын лидери Үсөн Сыдыковдун жана башка мүчөлөрүнүн тиешеси жоктугу, чуулгандуу телефон сүйлөшүүлөрүнө алардын бири да катышпаганы айтылат. Кайрылуу ээлери “Сыдыковду жүйөөсүз камоо жана аны КТР, ЭлТР телеканалдары аркылуу эл душманындай каралоо мыйзамга сыйбайт деп эсептейбиз” деп белгилешип, эгерде партия лидери чукул арада эркиндикке чыкпаса аймактардан Бишкек жана Ош шаарларын карай жөө жүрүштү баштай турганы айтылат.

Убактылуу өкмөттүн өкүлү “Жаңы Кыргызстан” партиясынын кайрылуусу Ак үйгө жете электигин билдирди.

14-майда айрым маалымат каражаттары «Жаңы Кыргызстан» партиясынын төрагасы Үсөн Сыдыков менен кээ бир депутаттардын телефон аркылуу сүйлөшкөнүн жарыялашкан. Үсөн Сыдыков ошол эле күнү “массалык башаламандык уюштурууга аракет жасаган” деген кине менен камакка алынган. Ү.Сыдыков өзүнө коюлуп жаткан айыптарды четке кагып келет. (ATo)

XS
SM
MD
LG