Ооганстандын Ички иштер министрлиги Кандагар вилаетиндеги жардырууну жанкечти ишке ашырган болушу мүмкүн деп билдирди. Үйлөнүү тою учурунда болгон кол салуудан аз дегенде 40 киши набыт кетип, 70тен ашууну жараат алган. "Талибан" кыймылынын өкүлү алардын бул чабуулга тиешеси болбогонун айтты. Бул апта 20 жоокерин жоготкон эл аралык күчтөр үчүн өзгөчө кандуу болду. 9-июнда Хелманд чөлкөмүндө НАТОнун тик учагы атып түшүрүлүп, америкалык 4 аскер каза тапкан.