Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:46

"Тарыхтагы эң мыкты чемпионат" эртең башталууда


Эртең Түштүк Африкада футбол боюнча дүйнө чемпионаты башталууда. Уюштуруу комитетинин башчысы Дэнни Жордан ал тарыхтагы эң мыкты чемпионат болот деп ишендирди. "Турнирге даярданып жатканда эле Түштүк Африкада апартеид доорунан калган бөлүнүп-жарылуу тенденциясы жок боло баштады", деген Жордан азыр коомдо өкүм сүргөн маанайды 1990-жылкы менен салыштырды. Ал жылы Нелсон Мандела түрмөдөн бошотулган. Чемпионаттын алдында коопсуздук чаралары күчөтүлүүдө. Айрым маалыматтарга караганда, Иоханнесбург шаарында бир нече чет элдик журналист жана футболчу каракталып кетти.

XS
SM
MD
LG