БУУнун соту босниялык сербдердин мурдагы 2 офицерди Сребреницадагы тукум курутка катышкандыгы үчүн өмүр аягына чейин эркинен ажыратты. Дагы 4 офицер жана полиция кызматкери согуш кылмыштары жана адамзатка каршы кылмыш үчүн айыпталып, 5 жылдан 35 жылга чейин абакка кесилишти. Сребреницадагы кыргынга байланыштуу мурдагы Югославия боюнча эларалык трибуналда 450гө жакын күбө көрсөтмө берип, соттук угуулар 3 жылга созулду. 1995-жылы шаарчада 7 миңден ашуун мусулман өлтүрүлгөн. Бул – Европа аймагында Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки эң ири кыргын болгон.