Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:49

Серб өкмөт башчысын өлтүргөн адам кармалды


Хорват полициясы 2003-жылы Сербиянын премьер-министри Зоран Джинжичти өлтүргөндүгү үчүн айыпталган адамдардын бири кармалганын билдирди. Полициянын маалымат өкүлү Крунослав Боровецтин айтымында, Милош Симович эки өлкөнүн чек арасынан өтүүгө аракеттенген учурда колго түшүрүлдү. 2007-жылы Сербиянын соту Симовичти жана Сретко Калинич аттуу адамды Джинжичти өлтүргөндүгү үчүн 30 жылга сыртынан абакка кескен. Калинич 8-июнда октон жарадар болуп, Загребдеги ооруканага жеткирилген. Аны Симович аткан деп шектелүүдө.

XS
SM
MD
LG