Кээ бир кабарларга караганда, Ташкентте өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммиттинде уюмга жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу шарттары каралмакчы. Орус президентинин жардамчысы Сергей Приходько журналисттерге маалымдагандай, документтин долбоорунда уюм евро-азия чөлкөмүнүн БУУнун санкцияларына туш болбогон же куралдуу жаңжалга тартылбаган бардык өлкөлөрү үчүн ачык болууга тийиш деп жазылган.
Ошол өлкөлөрдүн ШКУнун мүчөлөрү менен дипломатиялык алакалары болууга тийиш. Андан тышкары байкоочу же шерик деген статуска ээ болушу керек. Буга чейин РИА Новости агенттиги саммитте Пакистан менен Индияны уюмга кабыл алуу маселеси каралышы мүмкүн деп кабарлаган.
Кыргызстандан бийик деңгээлдеги жолугушууга тышкы иштер министринин милдетин арткаруучу Руслан Казакбаев катышууда.