Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:30

Россия Иран аскерий кызматташтыгын уланта берет


Кеп орустардын С-300 комплексин Иранга сатуу тууралуу мурдагы келишим жөнүндө болуп жатат. Буга Улуттар Уюму жарыялаган санкциялардын тиешеси жоктугун орус тышкы иштер министрлигинин өкүлү Андрей Нестеренко ырастады. Ошол эле учурда ал аталган комплекс мындан ары ирандыктарга сатылабы деген суроого жооп берген жок. Аскерий-техникалык тармакта кызматташтык боюнча федералдык мекеменин башчысы Михаил Дмитриев С-300 зенит-ракета комплекси Иранга сатылып жатканын тастыктады. Андан мурда эл аралык жаңы санкцияларга байланыштуу Россия Иран менен аскерий-техникалык кызматташтыгын токтотору тууралуу кабарланган эле.

XS
SM
MD
LG