Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:21

Ош облустук филармонияны өрттөөгө аракет кылган 5 адам кармалды


Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева Улуттук телерадио корпорациясындагы кайрылуусунда билдирди. Ошто тополоң уюштургусу келген чагымчылар четинен кармала баштаганын, оперативдүү чаралар көрүлүп жатканын баса белгиледи. Кыргызстандын баардык аймагында укук коргоо органдары жогорку даярдык абалга келтирилди, убактылуу өкмөт өлкөнүн коопсуздугун сактап, бейпил турмуш камсыз кылуу үчүн баардык ресурстарды колдонууда, дейт Р. Отунбаева. Убактылуу өкмөт Ош шаары, Араван, Өзгөн жана Кара-Суу райондорунун коменданттарына, ошондой эле өлкөнүн бардык аймагындагы тартип коргоо органдарына кырдаалды дестабилдештирип, жарандар арасында касташуу чыгарган адамдарга мыйзамда көрсөтүлгөн чараларды колдонууга укук берди. Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү Ошко шашылыш жөнөп кетишти. (EBM)

XS
SM
MD
LG