Линктер

шейшемби, 26-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 02:53

НАТО Украина менен кызматташтыгын улантат


Кечээ муну тараптар Брюсселде НАТО-Украина кеңешинин кезектеги жыйынында ырасташты. Алянстын баш катчысы Андерс Фог Расмуссен НАТО Киев менен карым-катнашын өнүктүргөнгө жана бекемдегенге кызыкдар экенин билдирди. Украинанын коргоо министри Михаил Ежел өз кезегинде ырасмий Киев менен алянс ортосундагы конструктивдүү аскерий-саясий алакаларды сактап калуу зарылдыгын белгиледи. Ошол эле учурда ал Украина кандайдыр бир блокторго кошулбай турганын да бөлүп көрсөттү.
XS
SM
MD
LG