Бул тууралуу “Азаттыкка” ушул тапта Ошто жүргөн Убактылуу өкмөттүн жетекчисинин орун басары Өмүрбек Текебаев билдирди. Анын айтымында, Ошту көздөй кошумча атайын күчтөр тартылууда. Алар шаардагы тартипти орнотууга киришип жатат. “Азыр шаардын бир-эки аймагында элдин топтолгону байкалып турат. Ар кандай туура эмес айтылган сөз ушундай кагылышка алып келиши мүмкүн. Жергиликтүү бийлик коопсуздукту камсыз кылуу үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Бүгүн толугу менен шаар ичинде тартип калыбына келиши керек”, - деди Ө.Текебаев. Ал Ош тополоңунун артында ким туруп, кимдер уюштуруп жатканы азырынча белгисиз экенин, тергөө, иликтөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады. Ошондой эле Кыргызстандагы кырдаалды жөнгө салууга башка өлкөлөрдөн күч тартылып келинбей турганын айтты.
Кечээ түнкү саат 11ге жакын Ошто башаламандыктар орун алып, ок атышуулар болду. Тополоңдо 12 киши өлүп, 102 адам жаракат алып ооруканага жеткирилди. Буга байланыштуу Кара-Суу жана Араван райондорунда өзгөчө кырдаал киргизилип, коменданттык саат жарыяланган. (КЕ)