Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:27

ИИМ: Оштогу окуяны ыкчам иликтөө тобу иликтей баштады


Ички иштер министрлигинин коомчулук менен байланыш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Рахматулла Ахмедовдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча Ошто ок атышуулар дээрлик токтоду. Ош облусунун жана шаарынын өзгөчө абал киргизилген аймактарында мыйзамдык тартипти орнотууга аракеттер көрүлүп жатат. Аны ички иштер министринин биринчи орун басары, комендант Бакыт Алымбеков көзөмөлгө алууда. Р.Ахмедовдун айтымында, Ош облустук жана шаардык ички иштер бөлүмдөрү жана прокуратура кызматкерлери биргелешип ыкчам топторун түзгөн. Алар окуя болгон жерде иликтөө иштерин жүргүзүп, күбөлөрдү сурап жатат. Ошондой эле каза болгондордун өздүк маалыматы такталууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG