Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:59

У.Барыктабасовдун жактоочулары тынч митинг өткөрүп жатышат


Бишкектеги М.Горький атындагы эс алуу багында “Мекен Туу” партиясынын лидери Урмат Барыктабасовдун 500гө чамалаш тарапкерлери тынч митингге чыгышты. Алар партия лидеринин Кыргызстанга кирүүсүнө тоскоолдуктар болбошу керектигин талап кылып жатышат. Уюштуруучулардын бири Кенжалы Сарымсаковдун айтуусунда, митингде бир гана ушул талап айтылып, башка козутуучу чакырыктарга жана тараптарга жол берилбейт.

Президенттикке тарапкерлигин койгон Урмат Барыктабасовдун жактоочулары 2005-жылдын 17-июнунда массалык акция уюштуруп, Ак үйгө кирип барышкан. Тартип коргоо кызматы аларга каршы көздөн жаш агызуучу газ колдонгон. Бул маселе ошол жылы 18-июнда К.Бакиевдин жетекчилиги менен өткөн Коопсуздук кеңешинде талкууланып, бийликти күч менен басып алуу аракети катары бааланып, Урмат Барыктабасовго кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган болчу. Убактылуу өкмөт болсо анын өлкөгө келишине тоскоолдуктар жок экенин билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG