Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:20

Кадамжайдагы транзиттик коридор убактылуу жабылды


Чек ара кызматынын жетекчисинин орун басары Чолпонбек Турусбеков Кадамжай районундагы Баткенге өтчү транзиттик коридор кыргыз жана өзбек жарандардын коопсуздугу үчүн убактылуу жабылганын “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, кыргыз тарап Өзбекстандын чек ара кызматынын жетекчилигине телеграмма жөнөткөн. Анда өзбекстандыктарды Сох анклавына өтүүчү “Кайтпас өтүкчү” коридору, экинчиси Кадамжай – Ак-Кыяны жаап, өзбек жарандарын убактылуу өткөрбөй турууну суранган. Ошондой эле чек арага жакын жайгашкан аймактарда, ошол жердеги калкты көзөмөлдөө өтүнүчү белгиленген. Ч.Турусбеков Өзбекстандан аскердин күч киргизилгени жатат деген маалыматтар чындыкка жатпайт деп билдирди. Маалыматка ылайык, ушул тапта чек арада абал туруктуу, чек арачылар катуу тартипте иштеп жатат. (КЕ)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG