Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:31

Б.Алымбеков: Ошто кырдаал толук көзөмөлдө


Ош облусу жана шаарындагы өзгөчө кырдаал жарыяланган аймактын коменданты, ички иштер министринин орун басары Бакыт Алымбеков “Азаттыкка” аскердик милиция күчтөрү жер-жерлерге жетишерлик деңгээлде жөнөтүлгөнүн, учурда кырдаал толук көзөмөлдө экенин билдирди. “Азаттыктын” аймактык кабарчысынын айтымында, Ош шаарынын чет жагында жана шаардын айрым көчөлөрүндө адамдар топтолуп бийликтен калаадагы башаламандыкты токтотуу үчүн күч колдонууну талап кылышууда. Ал эми Ош шаардык "Тез жардам" бекетинин башчысы Токтосун Жумабековдун айтымында, чакырган жерден алардын эки унаасы зян тартып, төрт кызматкери токмоктолду.

Убактылуу өкмөттүн Ошко кеткен өкүлдөрү Өмүрбек Текебаев, Исмаил Исаков, Азимбек Бекназарво, Дүйшөн Чотонов облус жана шаар жетекчилиги менен жабык эшик артында чукул жыйын өткөрдү. (КЕ)

XS
SM
MD
LG