Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:36

Р.Отунбаева: Референдумду болтурбай коюуга чакырыктар болууда


Өткөөл мезгилдин президентти, Убактылуу өкмөт жетекчиси Роза Отунбаева бүгүн бейөкмөт уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолукту. Аларга өлкөнүн түштүгүндө орун алган кырдаал боюнча маалымат берип, Убактылуу өкмөт абалды турукташтыруу үчүн бардык чараларды колдоноорун билдирди. Ошондой эле ал алдыдагы референдумду болтурбай коюуга аракеттер болуп жатканын, маселен Бишкектин базарларында убактылуу бийликти жаман көрсөтүүнү көздөгөн ар кандай баракчалар таркатылып жатканын кошумчалады. “Биз эки улуттун жаштар тобунун ортосунда тирешүү болуп жатканын моюнга алышыбыз керек. Азыр Ошко барууну каалаган жаштардын агымын токтотуу аракеттери көрүлүшү зарыл”, - деди Р.Отунбаева. (КЕ)

XS
SM
MD
LG