Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:47

Баткенде Өзбекстан менен чектешкен аймактарда чек ара бекеттери жабылды


Бул тууралуу облустук акимчиликтин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнөн бүгүн «Азаттыкка» билдиришти. Маалыматка караганда, Баткен облусунун аймагындагы Шахимардан анклавына өткөн жол жана Пулгон- Айрыбас автожолу убактылуу жабылды. Бул иш чара Баткен жана Фергана облустарынын жетекчилеринин келишиминин негизинде аткарылды, ал эми Сох анклавынан өтүүчү транзиттик автожол ачык, деп билдирет облустук акимиаттын өкүлү.

Ош шаарындагы тополоңго кабатыр болгон Кадамжай жана Баткен райондорунун тургандарынан 250 дөй киши түштөн кийин Ош шаарына жөнөп кетишти. Чогулган жаштар сабырдуулукка чакырган жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн укпай коюшкан. (JsA)

XS
SM
MD
LG