Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:26

Д. Медведев: Орусия Кыргызстандагы кырдаалдын тезирээк оңолушуна кызыкдар


Бүгүн Ташкентте Шанхай Кызматташтык Уюмунун кезектеги саммитинде Кыргызстандын Ош шаарында орун алган тополоңго байланыштуу түзүлгөн соңку кырдаал боюнча ШКУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери да токтолуп кетишти. Маселен, Орусия президенти Дмитрий Медведев буларды белгиледи:

-Кыргызстан ШКУнун негиздөөчүлөрүнүн бири, биздин союздаш, жакынкы өнөктөш. Биз ал азыркы ички толкундоолордун баскычынан тезирээк өтүп, мамлекеттин социалдык-экономикалык өнүгүү проблемаларын аркалоого жөндөмдүү бийликти куруу маселеси чечилишине чын ниеттен кызыкдарбыз.

Д. Медведев Орусия Кыргызстандагы кырдаалды турукташтырууга зарыл болгон жардамын берет деп билдирди.

XS
SM
MD
LG