Эки улуттун жаштар тобунун ортосунда тирешүү болуп жатканын моюнга алган өткөөл президент “Ошко барууну каалаган жаштардын агымын токтотуу зарыл” деди. Кадамжай жана Баткен райондорунан 250 дөй киши түштөн кийин Ош шаарына жөнөп кетишкени кабарланды. Бишкекте парламенттин алдындагы пикетте чогулгандар аларга чыккан Убактылуу өкмөт башчысынын орун басары Темир Сариев менен Ички иштер министринин улук өкүлүнө кол көтөрүштү. 200 чакты жаштар тобу бийликтен Ошко барганга унаа талап кылышты. Аксыдан Ош университетинде окуган студенттердин ата-энелерин жергиликтүү бийликтер токтотуп калгандыгын Жалал-Абаттагы кабарчыбыз билдирди. Укук коргоочулар элди чагымчылдыкка алдырбоого чакырууда.