Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:21

Барак Обама иран элинин «кайратына» жогору баа берди


АКШнын президенти Ирандагы эркиндик үчүн күрөшкөн жарандарга колдоо көрсөтүүгө чакырды:

Бардык эркин адамдар, бардык эркин элдер эркиндикке, акыйкаттыкка, сыймыктуу жашоого умтулгандардын тарабында экендигин ачык-айрым билдирүүгө милдеттүү. Иран элинин кайраты баарыбызга үлгү боло алат, алар туш келген кыйынчылыктар тарыхтын дөңгөлөгүн акыйкаттыкты көздөй буруу аракетибизди уланта беришибиз керек экендигин көрсөтөт.

Былтыр 12-июнда Ирандагы шайлоодон кийин оппозиция президент Махмуд Ахмединежаддын экинчи мөөнөткө одоно мыйзам бузуулар менен шайланды деп ырастаган. Андан кийинки күндөрү ири толкундоолору, кандуу кагылыштар орун алган. Өз талапташтарынын коопсуздугунан чочулаган оппозиция эртеңге пландаган демонстрацияны өткөрүүдөн баш тартты.

XS
SM
MD
LG