Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:12

Оштогу тополоңдун курмандыктары 45 адамга жетти


Саламаттык сактоо министрлиги кечки саат он жарымга карай Ошто каза тапкандар 45 адам болгонун кабарлады. Жарадар болуп жапа чеккендер 632 адам, алардын ичинен 406 ооруканага жеткирилди. Алардын дээрлик тең жарымынын абалы оор.

Ош шаарына дары-дармек, медициналык жабдуулар келип түштү. Ошондой эле Бишкектен 27 дарыгер – нейрохирургдар, травматологдор, анестезиологдор – жардамга келишти.

Саламаттык сактоо министрлигинин штабында Убактылуу өкмөттүн координатору Эльмира Ибраимованын жана саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Д. Ниязалиеванын катышуусунда кеңешме өткөрүлүп, Оштогу тополоңдон жабыркагандарга ыкчам жардам көрсөтүү маселеси каралды.

XS
SM
MD
LG