Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:08

Ош шаарынын булуң-бурчунда атышуу токтой элек


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаарынын вице-мэринин орун басары Тимур Камчыбеков билдирди. Анын айтымында, кээ бир куралчан адамдар кырдаал жөнгө салына баштаганда, кайрадан ок чыгарганга аракет кылышууда. Укук коргоо органдары ок чыгарган адамдары кармоого аракеттенгенде, алар айыл аралап из жайгарып кетишти. Т. Камчыбеков антсе да шаарда кырдаал көзөмөлдө экенин, тартипти жана коопсуздукту камсыздоо үчүн Бишкектен кошумча күч тартылды деп билдирди. 11-июнга караган түнү Ош шаарында жана Кара-Суу районунда жаштардын кагылышуулары массалык тополоңго айланган. Убактылуу өкмөт Ош шаары, Өзгөн, Кара-Суу жана Араван райондорунда өзгөчө абал жарыялап, кечки алтыдан таңкы алтыга чейин коменданттык саат киргизди. Комендаттык саат 20-июнга чейин созулат. (EBM)

XS
SM
MD
LG