Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:25

Ош тополоңунда жаракат алган 40-50дөй адамдын абалы оор


Бул тууралуу “Азаттыкка” саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Дамира Ниязалиева билдирди. Ошко Бишкектен барган дарыгерлер ооруканаларда сменге чыгышты, деп маалымдады. Медиктер түнү менен катуу жарадар болгондорго операция жасашты. Кечээ Бишкектен Ошко дары-дармек жөнөтүлдү, бүгүн да ташылат, дейт Д. Ниязалиева. Соңку маалымат боюнча Ош тополоңунда 46 адам өлдү, 600дөн ашууну жаракат алды. (EBM)

XS
SM
MD
LG