Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:40

Бишкекте жаракат алган 26 адам ооруканага жаткырылды


Саламаттыкты сактоо министрлигинин штабы Бишкектеги түнкү тополоңдордо жарадар болгондордун көпчүлүгүнүн мээси чайкалып, кабыргалары сынган деп билдирди. Алардын баары Улуттук госпиталь менен Травматология жана ортопедиа илимий борборуна жеткирилди. Медиктердин айтымында, жарадар болгондордун арасында мас абалындагы жаштар бар. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын күзөт кызматы "Азаттыкка" жалпысынан шаарда түн тынч өттү, деп маалымдап жатат. Түндө шаарды күзөтүүгө чыккан "Патриот" элдик кошуунунан "Азаттыкка" Бишкекте бирин-экин морадерлук фактылары катталды, деп билдиришти. Талап-тоноого аракеттенген үч-төрт адам кармалып милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилгенин белгилешти. (EBM)

XS
SM
MD
LG