Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

Чолпонбек Турусбеков чек араларда кырдаал тынч


Кыргызстандын Чек ара кызматынын жетекчисинин орун басары Ч. Турусбеков өлкөнүн түштүгүндөгү чек ара бекеттеринде абал туруктуу, эч кандай мыйзамсыз окуялар болгон жок, деп билдирди. Кечээ Баткенде Өзбекстан менен чектешкен аймактарда чек ара бекеттери жабылганы кабарланган. Облустук акимчиликтин Укук коргоо жана коргонуу бөлүмү «Азаттыкка» чек ара бекеттери Баткен жана Фергана облустарынын жетекчилеринин келишиминин негизинде жабылды деп билдиришти. Ал эми Сох анклавынан өтүүчү транзиттик автожол ачык турат. Кадамжай жана Баткен райондорунан Ош шаарындагы тополоңго кабатыр болгон 250дөй адам кечээ түштөн кийин Ош шаарына жөнөп кетишти. Чогулган жаштар сабырдуулукка чакырган жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн укпай коюшту. (EBM)

XS
SM
MD
LG