Бул тууралуу “Азаттыкка” Т.Акун өзү билдирди. Анын айтымында, өзүн мекенчилмин деген саясатчы, мурдагы дептутат, укук коргоочу, коомдук ишмерлердин баары оштогу кырдаалды жөнгө салуу үчүн учуп кетиши керек. Ал Ошто тирешип жаткан эки топтун өкүлдөрүн бириктирип тегерек үстөлгө чогултуп, дипломатиялык жолду пайдалануу демилгеси менен чыгып жатат. Ушул багытта ал Убактылуу өкмөттүн айрым өкүлдөрү менен жолугушкан. “Бул жакта отуруп алып акыл үйрөткөндү токтотуу керек. Мисал катары мен да Ошко кетип атам”, - деди Т.Акун. Ал Кыргызстанга башка өлкөлөрдөн аскердик күчтөрдүн киргизүүгө каршы, болгону чагымчылдыкты токтотуу керектигин кошумчалады. (КЕ)