Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:37

Кыргыз өкмөтү Орусиядан жардам сурап кайрылды


Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева Кыргызстандын убактылуу өкмөтү Орусиядан жардам сурап кайрылганын билдирди. Кандай жардам суралып жаткан Роза Отунбаева так айтпай, бул маселе мыйзамдык өңүттөн каралып жатканын билдирди.

Убактылуу өкмөттөгү ишенимдүү булактар "Азаттыкка" Орусиядан аскердик жардам суроо жөнүндө чечим кабыл алынганын билдиришти.

Роза Отунбаева бир эле учурда Оштогу тополоң окуялардын артында мурдагы президент К. Бакиев жана анын жакындары турганын баса белгиледи. Анын айтымында, бул окуялар 20-июндарда күтүлүп жаткан, бирок бул андан эрте башталып кетти. (KC)

XS
SM
MD
LG