Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:39

Р.Отунбаева: Кыргызстан аскерий жардамга муктаж


Мындай билдирүүнү бүгүн өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева билдирди. Анын айтымында, кырдаал жээктен чыгып кеткендигине байланыштуу башка мамлекеттердин жардамы зарыл болуп калды. Ошон үчүн ал бүгүн Орусиянын президенти Дмитрий Медведевге ушундай маанидеги кат жазгандыгын билдирди.Кырдаалды жөнгө салуу боюнча коңшу мамлекетер менен да сүйлөшүүлөр тынбай жүргүзүлүп жаткандыгын жана алар адамдын өмүрүнөн артык эч нерсе жок экендигин коңшулар жакшы түшүнүп жатышкандыгын баса белгиледи. Ал эми Убактылуу өкмөтүн басма сөз кызматынын башчысы Фарид Ниязов "Азаттыкка" Орусиядан кандай жардам алуу маселеси эл аралык келишимдердин негизинде чечилээрин, бирок аскерий кандай жардам күтүлөөрү азырынча ачыктала электигин билдирди. (BD)

XS
SM
MD
LG