Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:05

А. Шакиров: Түштүктөгү кандуу окуяларды токтотуу үчүн Россиядан жардам суроо зарыл


Бул жөнүндө «Кыргыз биримдиги» коомдук уюмунун төрагасы Абдыганы Шакиров “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандын Убактылуу өкмөтү бийликти толук колго ала албагандыктан, түштүктөгү кандуу тополоң окуялар уланып жатат. Убактылуу өкмөт жакын арада дагы кырдаалга ээ болушу да арсар. Бийликтеги адамдар элдин ой-тилегин түшүнө албай жатышат. «Азыркы болуп жаткан түштүктөгү окуяларга мурдагы бийликтин жетекчилери күнөлүү» деп коюп отуруп алган туура эмес. Жалал-Абад окуяларынан кийин керектүү иш чараларын жүргүзүү зарыл болчу. "1990-жылкы окуядан сабак ала турган болсок, анда азыр эки элдин ынтымакчылыгын сактап калуу үчүн Россия мамлекетинен жардам суроо керек",-деп баса белгиледи А. Шакиров. (КС)

XS
SM
MD
LG