Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:39

Кыргызстандын жарандык коому эл аралык уюмдарга кайрылды


Оштогу тополоңдон улам Кыргызстандагы жарандык коомдун өкүлдөрү Европа Биримдигине, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму менен Бириккен улуттар уюмуна кайрылуу менен чыгышты. Алар Убактылуу өкмөт кырдаалды жөнгө сала албай калганын белгилешип, аталган уюмдарды жардам берүүгө чакырган. Жарандык коомдун өкүлдөрү Өзбекстандын Фергана өрөөнүнөн топтолгон адамдар Кыргызстанды көздөй келе жатат деген маалымат бар экенин айтышууда. «Бул окуяга өз мандатыңардын алкагында чукул арада жардам берүүлөрүн суранабыз», - деп жазылат билдирүүдө. Мындай билдирүүгө 10 жарандык коомдун өкүлдөрү кол койгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG