Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:34

А.Бекназаров: Оштогу окуяны сүйлөшүү жолу менен чечүү мүмкүн эмес


Убактылуу өкмөт жетекчисинин орун басары Азимбек Бекназаров бүгүн Улуттук телерадио корппорациясынан сүйлөгөн сөзүндө Оштогу окуяларды эки элди бири бирине кайраштырып, тукурууну максат кылган башка күчтөрдүн мурунтан даярдалган пландуу иши деп билдирди.

“Шаардын мерчемдүү жерлерине атайын снайперлер отургузулган. Алар адамдарды четинен атып турган. Номери жок автомашиналар куралдарды таратышкандыгы да белгилүү болду. Тигил же бул жерде атышуулар болуп жатат, деген жалган маалымат уюлдук телефон аркылуу берилип турган. Ал жакка барышса, ал жалган болуп чыккан. Бул алагды кылуу, адаштыруу максатында болгон. Атайын контрреволюциялык күчтөр ачык эле аракеттенип жатканы билинди”, - деди А.Бекназаров.

А. Бекназаров ошондой эле Убактылуу өкмөт бүгүн Ош шаарындагы абалды жөнгө салуу боюнча бир нече чечимдерди кабыл алгандыгын, ичүүчү суу маселесин тез арада чечүүгө туура келерин да айтты. (КЕ)

XS
SM
MD
LG