Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:26

Коомдук бирикмелердин кыргыз элине кайрылуусу


Урматтуу мекендештер! Өлкөбүздөгү кырдаалдын татаалдыгынан бардыгыбыздын тынчыбыз кетип жаткан учурду башыбыздан өткөрүп жатабыз! Мекенибиз жаздан бери ары татаал ары кооптуу саясий, коомдук, экономикалык процесстин аласалган дарыясында жол алып бараткан. Баарыбыз ала салып кетпегей элек деп, кооптонуу менен кичинекей өлкөбүздүн, кайран элибиздин аманчылыгын тилеп келгенбиз. Жардын кырына барып такалып, тынчтыкты сактап калдык деп бир үшкүрдүк эле, бирок оомалуу төкмөлүү дүйнө деп коет эмеспи, эртеңки күнүңдөн эмне күтөөрүң белгисиз экен. Чагымчыл күчтөр максатына жетип, өлкөбүздү өрт каптады. Көзүбүздүн карегиндей сактаган ынтымак кетип, кан төгүлдү.

Кымбаттуу мекендештер, ага-ини, эже-карындаштар! Кине издебейли, күнөөлүүлөр Жараткандын жана мыйзамдын астында албетте жоопко тартылаар! Жабыркаган жараандарыбыздарга жана мекендештерибизге колдон келген жардамыбызды берели! Эртеңки күнүбүздү ойлонолу. Душмандарыбыздын сүйүктүү Кыргызстаныбыздын бөлүп-жарылуусуна, мекендештерибиздин кан аралаш ыйына албетте табасы канып жатат. Бирок биз кайратыбыздын бекемдигин, эркибиздин майтарылбастыгын баарына далилдешибиз керек! Кыматтуу мекендештер, биз “Элим барсыңбы?” кайрымдуулук коомдук фондунун уюштуруусу астында Жаш ишкерлер ассоциациясы, “Эгемендик” коомдук бирикмеси, “Ыйык Ата-Журт” коомдук жаштар фонду, “Адеп Башаты” коомдук прогрессивдүү фонду жабыркаган калкыбызга жардам кылуу максаты менен азык-түлүк, дары-дармек жана башка керектелүүчү каражаттарды чогултуп жатабыз! Кайдыгер калбаңыз ардактуу замандаш! Төмөндөгү дарек жана телефондорго кайрылсаңар болот.

Координатор: Жумалиев Майрамбек

Тел: 0312 895362, 0555 963366 www.elimbarsynby.org elimbarsynby@gmail.com
Дарек: Бишкек ш. Фрунзе көч, 387 4-кабат
XS
SM
MD
LG