Линктер

жекшемби, 28-май, 2017 Бишкек убактысы 11:27

Н.Нышанов: Жалпыга келген кырсыктан ынтымак менен чыгалы


Коррупциялык системага каршы күрөшүү кыймылдын жетекчиси, Кыргызстан патриоттук партиясынын башкы катчысы Назарбек Нышанов жалпы элге жана Убактылуу өкмөткө кайрылып, Оштогу окуяга байланыштуу чуу көтөргөн сөздөргө ишенбөөгө чакырды. Ал мындай кырдаалда кыргыз-өзбек ажырабай, эки тарап болбой биргелешип чыгууну сунуштайт. Ошондой эле кызуу кандуулукка алдырбай, эл аралык ынтымакты бекемдөөчү иш чараларды жасоо зарылдыгын, жакындарынан айрылган үй-бүлөлөргө колдон келишинче көмөк көрсөтүүнү белгилейт. “Бул жалпыбызга келген бир кырсык, андан ынтымак жана абийир менен чыгып кетели”, - дейт Н.Нышанов. Кыймыл лидери 23-июнда боло турган Элдик курултайга бардыгын ынтымакта келип катышып кетүүгө чакырат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG