Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:23

Өмүрбек Текебаев: Тынчтык жолу - акыл-эс жана чыдамдуулук


Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын орун басары, “Ата Мекен” Социалисттик партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын элине кайрылуу жолдоду. Анда Кыргызстандагы жана анын чегинен сырткары жерлердеги айрым күчтөр жаңы конституциянын долбоору жана өткөөл мезгилдин президентин шайлоо боюнча референдум өткөрүүнү бүлүндүрүүгө күч-аракет жумшап, коомдо улуттар аралык араздашууну козутууга аракет жасап жатканы айтылат. "Демократиянын душмандары ар кандай улуттар чогуу жашаган жерлерде – Маевкада, Ала-Букада, Ошто, Жалал-Абадда, Токмокто, Кара-Сууда чагым жасашты",-деп билдирип, Кыргызстандын калкын имиштерге ишенбей, чагымчыларга алдырбай, акыл-эстүү жана сабырдуу болууга чакырды.

XS
SM
MD
LG