Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:45

Ирандын оппозициясы күрөшүн улантууга сөз берди


Өлкөдөгү башкы оппозициячыл кыймылдын жетекчиси Мир Хоссеин Мусави бүгүн былтыркы президенттик шайлоонун мааракесинде билдирүү жарыялап, оппозиция күрөшүн ар түрдүү жолдор менен улантаарын бышыктады. Ал өз жолдоочуларын өлкөдөгү кырдаал тууралуу чындыкты элге таркатууга чакырып, ирандык бийликтери дал ушундай чындыктан коркот деди. Оппозиция лидерлери бүгүнкү мааракеге карата пландалган нааразылык акцияларынан баш тартышкан. Президент Махмуд Ахмединежад экинчи мөөнөткө шайланды деп жарыяланган былтыр 12-июндагы шайлоодон кийин коопсуздук күчтөрү менен кагылыштарда адамдар өлүп, жүздөгөн киши камалган.

XS
SM
MD
LG