Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:35

Өзгөчө кырдаал учурунда ок атуучу куралды колдонууга уруксат берилди


Убактылуу өкмөт жаңы чыгарган Декретке ылайык, жарандарды коргоо жана аларга кол салуудан коргонуу, барымтадагыларды куткаруу максатында, куралды тартып алуу аракеттери болгон учурларда, укук коргоо органдарынын, аскер күчтөрүнө, мамлекеттик маанилүү объектилер, мекеме-ишканалардын имараттарына жана жарандардын үй-жайына кол салуу болгон учурларда милиция кызматкерлерине, аскерлерге куралдан ок атууга уруксат берилет. Куралдуу каршылык көрсөткөн кылмыштуу топторго жана куралды өткөрүп берүүдөн баш тарткандарга да ок атууга жол берилет. Декреттин бул жоболору өзгөчө кырдаал бүткөнгө чейин күчүндө болот. Бул маалыматты Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматы таркатты.

XS
SM
MD
LG