Эки өлкө башчылары ЖККУнун (Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюму) алкагында Кыргызстандын түштүгүндөгү абалды жөнгө салууну талкуулашты. Орус президентинин маалымат катчысы Н.Тимакова билдиргендей, ЖККУнун бейкуттукту коргоочу күчтөрүн Кыргызстанга жиберүү аталган уюмдун уставына ылайык жана бардык мүчө-мамлекеттер менен кеңешкенден кийин гана чечилет. Д.Медведев ошондой эле Казакстан президенти Н.Назарбаев жана ЖККУнун катчысы Н.Бордюжа менен Кыргызстанга көмөк көрсөтүүнүн биргелешкен аракеттери тууралуу сүйлөшкөнү маалымдалды. (GA)