Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:49

Оштогу дарыгерлерге жардам жөнөтүлдү


Ош жана Жалал-Абад облусундагы кагылыштарда жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн кечээ түнү Бишкектен 22 дарыгер жөнөп кетишти. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, Органдарды трансплантациялоо жана жүрөктү дарылоо институтунан беш, Улуттук госпиталдан он бир, Травматология жана ортопедия илимий борборунан алты адис атайын рейс менен шашылыш Ош шаарына жөнөтүлдү. Алар менен бирге Ош шаарына керектүү медициналык каражаттар да жеткирилди. (IJz)

XS
SM
MD
LG