Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, 13-июлда саат 09:00гө карата кагылыштарда каза тапкандардын саны сексенге чыкты. Алардын жетимиш экиси Ошто, сегизи Жалал-Абад облусунда көз жумушкан. Эки облус боюнча тез жардамга кайрылгандардын саны 1066. Алардын ичинен 608 адам ооруканаларга жаткырылса, 380 адамга жеринде жардам көрсөтүлгөн. (IJz)