Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:22

М.Назиров: Өзгөн тынч, бирок чагым чыгаруу аракеттери бар


Ушул тапта Ош облусунун Өзгөн районунда кырдаал тынч, бирок эл арасында чагым чыгаруу аракеттери болуп атат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөн шаарынын мэринин орун басары Махамаджан Назиров билдирди. Анын айтымында, жалпы абал тынч болгону менен эл арасында чыңалуу бар. Анткени кайсы бир чагымчылар эки тарапты касташтыруу үчүн түрдүү ушактарды чыгарышууда. “Улуттук биринчи канал, ЭлТР аркылуу туура эмес маалыматтар чыгып кетип атат. Азыр такталбаган ар кыл маалыматтарды берүүдө абайлоо керек болуп турат”,- дейт ал. Ошондой эле ал Убактылуу өкмөттүн жетекчиси Роза Отунбаевага да маалыматтарды туура таратуу үчүн мамлекеттик маалымат каражаттарын тескөө керектиги жазылган каттарды жөнөтүшкөнүн маалымдады. (IJz)

XS
SM
MD
LG