Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

Эл аралык уюмдар Кыргызстанга жардам көрсөттү


Эл аралык Кызыл чырым жана Кызыл жарым ай уюмдары Ош жана Жалал-Абаддагы кагылыштарда жабыркагандарга медициналык жардам жиберишти. Бул тууралуу Кызыл чырым уюмунун Борбор Азиядагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирет.

Кыргызстандагы болуп аткан окуяларга тынчсызданганын билдиришкен эл аралык уюмдар, кыргыз бийлигин жер-жерлердеги кагылыштардан жарандарды коргоого, абалды турукташтырууга жана мыйзамдык нукка салууга болгон күчтөрүн жумшоого чакырышты.

Аталган уюмдар Ош шаарындагы жана ага танапташ аймактардагы алты ооруканага медициналык каражаттарды жеткиришкен. Жардамга келген медициналык каражаттар ар кыл аспаптардан, дарыгерлердин кийимдеринен, ооруну басаңдатуучу дарылардан турат. (IJz)

XS
SM
MD
LG