Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:56

Вашингтон ВР компаниясынан мунай агымын тез арада токтотууну талап кылууда


АКШнын өкмөтү ВР мунай компаниясынын жетекчилигине кысымын күчөтүп, Мексика булуңундагы суу алдында жарылып кеткен мунай түтүгүн тезирээк жабууну талап кылууда. Ишемби күнү АКШнын суу чөлкөмүнүн күзөт кызматы ВР компаниясына кат жөнөтүп, 48 саат ичинде маселени жөндөөнү эскертти.

ВР мунай компаниясынын жетекчилиги эки айга жакын аралыктан бери жабыркаган мунай түтүгүн жабуу үчүн төрт жолу түрдүү ыкмаларды колдонуп көрүштү. Бирок алардын бирөө да ийгиликтүү аяктаган жок.

Мексика булуңунда мунай түтүгү жабыркагандан бери эбегейсиз өлчөмдөгү мунай сууга агып чыкты. Булганган суу барган сайын аймагын кеңейтүүдө. Дал ушул маселе тууралуу АКШ президенти Барак Обама менен Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон телевондон талкуулашты.

XS
SM
MD
LG