Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:50

Жалал-Абад облусунда Ош-Бишкек жолу тосулган жок


Жалал-Абад облусундагы кабарчыбыз Ырысбай Абдраимов маалымдагандай, буга чейин облустун айрым аймактарында Ош-Бишкек жолун тосуу аракеттери болгону айтылганы менен жол ушул тапта ачык турат. Жалал-Абад шаарынын комендатурасы жол ачык экенин, кырдаалга жараша аракеттер көрүлүп атканын билдиришти.

Жалал-Абад шаарында Ленин көчөсүндөгү “Элдердин достугу” университетинин тушунан, борбордук базарга чейинки жол жабык. Жергиликтүү тургундар коопсуздук чараларын көрүп, жолдорду бөгөп салышкан. Борбордук көчөлөрдө кыймыл жокко эсе. Соода түйүндөрүнүн бардыгы жабык турат. Жалал-Абад шаардык “Телтору” ат майданында эки миңдей адам топтолуп турат. Алар Оштогу окуяларга нааразы болушууда. (IJz)

XS
SM
MD
LG