Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:47

Кагылыштарда көз жумгандардын саны 84 адамга жетти


Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, бүгүн саат 14:00гө карата Ош жана Жалал-Абаддагы кагылыштарда көз жумгандардын саны 84кө жетти. Ошто 75, Жалал-Абадда 9 адам каза тапты.

Медициналык жардам сурап 1117 жолу кайрылуу түшүп, алардын ичинен 633 адам ооруканага жаткырылды. 402 адамга жеринде медициналык жардам көрсөтүлдү.

Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Дамира Ниязалиеванын айтымында, ушул тапта өлкө түштүгүндөгү ооруканаларга медициналык каражаттар жана азык-түлүктөр жеткирилди.

Ошондой эле ал медициналык мекемелерге жардам берип аткан бардык уюмдарга, саясий партияларга жана жарандарга ыраазычылыгын билдирди.

“Биз Орусия тарапка жаракат алгандарды дарылоого көмөк көрсөтүпа аткандыктары үчүн ыраазычылык билдиребиз. Азыр алар дагы он кыргызстандыкты өз ооруканаларында дарылоого даяр экендиктерин билдиришти. Эртең эле жабыркагандардын оноо Орусияга жөнөтүлүшү мүмкүн”,- деди Д.Ниязалиева.

Эскерте кетсек, кечээ түндө “Манас” аба майданынан Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин учагы Орусияга алты оор жаракат алган кыргызстандыкты дарылоо үчүн Москвага алып кеткен. Орусиянын ал учагы Кыргызстанга кечээ гуманитардык жардам катары беш тоннадан ашуун медициналык каражаттарды алып келген эле. (IJz)

XS
SM
MD
LG