Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:42

Бишкекте “Сары-Өзөн Чүй” коомдук кыймылынын жыйыны болду


Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган кыймылдын массалык маалыматтар жана коомдук байланышка жоопкер мүчөсү Табылды Акеров маалымдады.

Жыйында аталган кыймыл Кыргызстандагы коомдук-саясий абалды талкуулап, өлкө түштүгүндөгү оор абалга байланыштуу кырдаалды турукташтыруу максатында Убактылуу өкмөткө жардам берүү иретинде атайын штаб түздү. Штабдын мүчөлөрү болуп генералдар Мыктыбек Абдылдаев, Бакирдин Субанбеков, Абдылда Суранчиевдер, коомдук ишмерлер Карыпбек Алымкулов жана Табылды Акеровдор бекитилди.

Штабдын максаты өлкөдө улуттар аралык кагылыштардын өрчүп кетүүсүнө жол бербөө, Чүй өрөөнүндө жана Бишкек шаарында коопсуздукту камсыз кылууга көмөк көрсөтүү, жабыр таркандарга гуманитардык жардамдарды уюштуруу болуп саналат. (IJz)

XS
SM
MD
LG