Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:21

Жалал-Абад облусуна өзгөчө кырдаал киргизилди


Убактылуу өкмөт Жалал-Абад облусунда кагылышуулар токтобой аткандыгына байланыштуу жалпы облус боюнча өзгөчө кырдаал жарыялап, 22-июнга чейин коменданттык саат киргизди. Бул тууралу декретке Убактылуу өкмөттүн жетекчиси Роза Отунбаева кол койду. Коменданттык саат облус боюнча саат кечки 18:00дөн таңкы саат 06:00гө чейин. Жалал-Абад облусунун коменданты болуп УКМКнын жетекчисинин биринчи орун басары Кубатбек Байболов дайындалды. Ошондой эле ага өзгөчө кырдаал киргизилген убакытта чектөөлөрдүн чегин өз алдынча аныктоонго укук берилди. Бардык күч органдары Жалал-Абад облусу боюнча комендант К.Байболовго массалык баш-аламандыктарды токтотуу боюнча милдеттендирилди. (IJz)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG