Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:46

ИИМ жетекчиси курал колдонуу боюнча буйрук чыгарды


Ички иштер министрлигинин жетекчиси Болот Шер Ош жана Жалал-Абад облусундагы оор кырдаалга, ички иштер бөлүмдөрүнө куралдарды тартып алуу боюнча кол салуулар болуп атканына байланыштуу буйрук чыгарды. Ага ылайык, курал тартып алуу максатындагы кол салуулар болсо, тынч жарандарга куралдуу кол салуулар катталса ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери кызматтык куралдарды толук түрдө пайдаланууга укуктуу. Ошондой эле эми ички иштер бөлүмдөрүндөгү куралдар катаал тартипте гана берилмекчи. Ал эми куралдарды берүү боюнча облустук жана жергиликтүү администрация башчыларынын буйруктары аткарылбайт жана андай талаптар болгон учурда ИИМ жетекчилигине тез арада кабарланмакчы. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирет. (IJz)

XS
SM
MD
LG